2026-жылдын 19-мартында саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Ахунбаев көчөсү - Абай көчөсү - Сүйөркулов көчөсү - Байтик Баатыр көчөсү - Саманчин көчөсү - Масалиев проспектиси - Малдыбаев көчөсү
Д-300мм суу түтүгүн чыгаруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
