Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын биринчи орун басары М.К. Байгончоков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду.

Кубанычбек Бактыбекович Иманалиев муниципалдык кадр резервинен Бишкек шаарынын биринчи орун басары кызматына дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.