Жарандарды өз убагында маалымдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандар үчүн карыздарды акысыз онлайн текшерүү порталы иштеп жатканын маалымдайт.
Бул портал аркылуу ар бир жаран өзүнүн карызы жөнүндө алдын ала маалымат ала алат, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун фамилиясын, атын, байланыш маалыматтарын жана чектөөлөрдү алып салуу же маселени мыйзам чегинде чечүү жолдорун биле алат.
Порталды колдонуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
уюлдук телефон аркылуу атайын QR-кодду сканерлөө;
жеке ИННди (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) киргизүү;
карыздар жана чектөөлөр боюнча актуалдуу маалымат алуу.
Ошону менен бирге, айрым жарандар социалдык тармактар аркылуу карыздарды текшерүү кызматын акча төлөп көрсөтүүнү сунуштап жатканы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, мындай аракеттерге мыйзам чегинде тиешелүү юридикалык баа берилген.
Эскерте кетсек, карыздар тууралуу маалыматты текшерүү кызматы толугу менен акысыз көрсөтүлөт.