Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелеринде жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн үлүштүк курулушуна катышкан жарандарга техникалык паспорт алууда көмөк көрсөтөт.
2026-жылдын 12-мартында Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелеринде жайгашкан турак жана турак эмес жайларга карата мүлктүк укуктарды өткөрүп берүүгө макулдук берүү тууралуу маалымкаттарды берүү маселеси боюнча тескеме кабыл алды.
Бул чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманы аткаруунун алкагында, көп кабаттуу үйлөрдүн үлүштүк курулушуна катышкан жарандарга техникалык паспорт берүү маселесин чечүү үчүн убактылуу негизде киргизилди.
Аталган чараларга ылайык, муниципалдык жер тилкесин ижарага алган жеке жана юридикалык жактар (ижарачылар) турак жана турак эмес жайларга карата мүлктүк укуктарды өткөрүп берүүгө макулдук алуу үчүн муниципалитетке кеминде 10% көлөмүндө “өз алдынча бүтүрүү” абалындагы турак жана турак эмес жайларды күрөө катары берүүгө тийиш.
Бул күрөө камсыздоосу жер тилкесин кийин сатып алуу кепилдиги катары берилет жана ал Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтында “Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга ижара шартында берилген жер тилкелерин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору жарыяланган.