Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди тарыхый маданий окуянын күбөсү - Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарына чакырат.
Борбор калаанын мыкты чыгармачыл аянтчаларында ШКУ өлкөлөрүнөн келген таланттуу жаштар искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Мелдештердин программасы (25–26-март, саат 09:00–18:00):
П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби (Москва көч., 101):
•фортепиано (чоң концерттик зал) – 25–26-март, саат 10:00–18:00;
•элдик ырдоо (кичи концерттик зал) – 25–26-март, саат 10:00–18:00;
А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы (Жусуп Абдрахманов көч., 208):
•сүрөт искусствосу (1 жана 2-кабат фойеси) – 25–26-март, саат 09:00–18:00;
•элдик аспаптар (концерттик зал) – 25–26-март, саат 09:00–18:00;
Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залы (Tunguch Concert Hall, Чүй пр., 168а):
•эстрадалык ырдоо – 25–26-март, саат 09:00–18:00;
«Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору (Абдумомунов көч., 197):
•элдик бий – 25–26-март, саат 09:00–18:00;
Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи (Жусуп Абдрахманов көч., 196):
•көркөм кол өнөрчүлүк – 25–26-март, саат 09:00–18:00;
Бардык иш-чараларга кирүү акысыз. Жаш таланттарды колдоого чакырабыз.