"Бишкексууканал" МИси 2026-жылдын 19-мартына пландалган «Көк-Жар» суу топтомосунда жыл сайын жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирет.
Суу өчүрүү пландалган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
* темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Аламүдүн суусу – Панфилов көчөсү;
* темир жол линиясы – Матросов көчөсү – Горький көчөсү – Гвардейский туюк көчөсү – Бектенов көчөсү – Скрябин көчөсү – Мавлянов көчөсү – 7-Апрель көчөсү.
Белгилей кетсек, суу берүү чектелүүчү убакыт тууралуу кошумча маалымат берилет.
"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.