2026-жылдын 18-мартында «Тунгуч» театрында борбордогу мектеп мугалимдеринин катышуусунда «Сармерден» таймашы уюштурулду. Иш-чара улуттук салттарды, чыгармачылыкты жана достукту даңазалаган маанайда өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, жыйынга келгендерди алдыдагы Нооруз майрамы менен куттуктады.

Шаар башчысы мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды сактоого жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүгө чоң салым кошорун белгилеп, мугалимдерге кайрылды:

«Урматтуу мугалимдер, айрыкча сиздерге кайрылгым келет. Сиздер коомдогу эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү милдетти аркалап келесиздер. Сиздер билим гана бербестен, өз үлгүңүздөр менен балдардын жүрөгүнө адеп-ахлактык баалуулуктарды, маданиятка жана салтка   болгон урмат-сыйды сиңирип жатасыздар. Дал сиздер аркылуу балдар намыстуу, жоопкерчиликтүү жана айлана-чөйрөгө сый-урмат менен мамиле кылууну үйрөнүшөт. Бүгүнкү күндө мамлекет деңгээлинде да руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Демилгелер улуттук өзгөчөлүгүбүздү бекемдөөгө, маданий мурастарыбызды сактоого жана жаш муунду салт-санаага, тарыхка урмат менен тарбиялоого багытталган.
Бул чоң иште негизги роль дал сиздерге -мугалимдерге тиешелүү. Анткени өлкөнүн келечеги мектептен башталат. Ал эми мектеп мугалимден башталат», — деп белгиледи мэр.

Таймашка эки команда — аялдар жана эркектер командасы, ар биринде 18ден катышуучу менен катышты. Катышуучулар өздөрүнүн артисттик чеберчилигин, тапкычтыгын жана элдик салттарды билгендигин көрсөтүштү. Көрүүчүлөр элдик ырлар, тамаша жана импровизациялар коштолгон концерттик программаны көрүштү.

Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын эл артисттери Саламат Садыкова жана Гүлшан Молдоева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Кутмырза Исаев кирди.

Таймаштын жыйынтыгында Ленин районунун эркектер командасы жеңүүчү болуп табылды. Экинчи орунду Октябрь районунун аялдар командасы ээледи. Жеңүүчүлөр дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.