«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «Муниципалдык менчик ижарасы» функциясы ишке киргизилгенин эскертет.
Бул функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында иштелип чыгып, мекемелерге баруунун жана кагаз документтерди тариздөөнүн зарылдыгын жоюп, убакытты кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Бул функция аркылуу колдонуучулар төмөнкүлөрдү жасай алышат:
* Ижара келишимдерин көрүү;
* Төлөм мөөнөттөрү тууралуу эскертмелерди алуу;
* Ижара акысын төлөө жана операциялардын тарыхын көзөмөлдөө.
Бардык аракеттер онлайн түрүндө, коопсуз жана ачык-айкын жүргүзүлөт.
Ижарачылар мындай функцияны колдонуп башташкан жана анын ыңгайлуулугун, ыкчам иштөөсүн белгилешүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды муниципалдык кызматтар менен ыңгайлуу жана өз убагында иш алып баруу үчүн санариптик сервистерди активдүү колдонууга чакырат.
