2026-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында иш-чаралар өтүүчү жайларды жана конкурстук номинацияларды текшерүү боюнча жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин өкүлдөрү конкурстук чыгармалар жана фестивалдык иш-чаралар өткөрүлө турган аянтчалардын даярдыгын текшеришти. Ошондой эле уюштуруу-техникалык даярдык, катышуучуларды жайгаштыруу, аянтчалардын ишин камсыз кылуу жана тартылган кызматтардын ишин координациялоо маселелери талкууланды.
Айрыкча, ар бир жайга, конкурстук номинацияларга жана аянтчаларга бекитилген жооптуу кызматкерлердин өз ара аракеттенүүсүнө, ошондой эле иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 23–28-март күндөрү Бишкек шаарында алгачкы ирет ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндары өткөрүлөт. Бул иш-чара маданият жана искусство тармагындагы таланттуу жаштарды бириктирет.
Оюндардын программасы сегиз номинацияны камтыйт. Конкурстук программада фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий жана ди-джей багыттары көрсөтүлөт. Ал эми фестивалдык программага элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк номинациялары кирет.







