2026-жылдын 18-мартында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Келечек – көп улуттуу коомдо» аттуу этно-маданий достук фестивалы болуп өттү.

Фестивалга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин жана  Консультативдик кеңештин  өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем– дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулуп, көп улутту ынтымакты бекемдөөгө, маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүүгө жана жаштардын чыгармачылык потенциалын колдоого багытталган.

Фестиваль майрамдык маанайда өтүп, ар кайсы улуттагы студенттерди жана жогорку окуу жайларды бириктирди. Программада элдик ырлар, бийлер жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү – студенттердин ар кайсы өлкөлөрдүн маданиятын тааныштырышкан конкурсу болду. Катышуучулар Япония, Кытай, Индия, Түркмөнстан, Корея Республикасы, Азербайджан, Өзбекстан, Түркия, Россия жана башка өлкөлөрдүн маданиятын, салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн тааныштырышты. Ошондой эле, фестивалда дунган улутунун маданияты да көрсөтүлдү.

Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, ошондой эле ар улуттун улуттук тамактары жана турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген бурчтар уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты катышуучулар кубоктор, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Фестивалды И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти биргелешип уюштурду.