Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жаш Гвардия бульварынын боюнда жайгашкан ишкердик субъекттеринин ээлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу аталган жол түйүнүн куруу долбоорунун алкагында уюштурулду.

Азыркы учурда курулуш пландалган аймактагы жер тилкелеринин статусу аныкталды. Жалпысынан 64 объект жол курулушуна кирет. Алардын ичинен:
16 объектте жер тилкесине мамлекеттик акт бар;
1 объектте 49 жылдык “жашыл китеп” бар;
2 объектте 5 жылдык “жашыл китеп” бар.

Калган объекттер боюнча укуктук документтерди тактоо иштери уланууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылдын 24-мартында Бишкек мэриясында кайрадан жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Анда жер ээлерине компенсация төлөө маселеси талкууланат.

Транспорт жана жол- транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине курулуш учурунда шаар тургундары үчүн альтернативдүү жол уюштуруу тапшырмасы берилди.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына курулушка тоскоол болгон объекттерди бузуу иштерин тездетүү милдети жүктөлдү.

Курулуш иштерин 2026-жылдын апрель айында баштоо пландалууда.

Бул долбоор шаардагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана тыгындарды азайтууга багытталган.