2026-жылдын 18-мартында «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборуда жаңылануунун, биримдиктин жана салттардын улануусунун символу болгон Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле социалдык кызматтарды алуучулар катышты.
Программанын алкагында чакырылган артисттердин жана чыгармачылык топтордун концерттик номерлери тартууланды. Майрамдык маанайды борбордун кызмат алуучуларынын өздөрүнүн чыгармалары жана өнөрлөрү өзгөчө көркүнө чыгарды.
Мекеменин кызматкерлери тарабынан «Бешикке салуу» улуттук каадасы сахналаштырылып көрсөтүлүп, анын мааниси жана маданий өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өттү. Анын жыйынтыгында социалдык кызматтарды алуучулар үчүн майрамдык дасторкон уюштурулду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык адаптациясына, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана коомго интеграцияланышына өбөлгө түзөт.







