«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы жана райондук администрациялар тарабынан 2026-жылы шаардагы бир катар сейил бактарды жана гүл бакчаларды реконструкциялоо пландалууда.

Көрктөндүрүү иштери төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:

Ленин району:

Чортеков көчөсү боюнча гүл бакча (Айни көчөсүнөн Чортеков гүл бакчасына чейин)
Ж.Гвардия бульвары (Ж.Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин)
Чапаев атындагы сейил багы
Сухомлинов гүл бакчасы (Журналисттер аллеясы)
«Манас» кинотеатрынын алдындагы гүл бакча
Чүй облустук драма жана сатира театрынын (Ш.Термечиков атындагы) жанындагы гүл бакча
Чапаев көчөсү боюнча гүл бакча

Биринчи май району:

Эмен багы
Эркиндик бульвары (азыркы учурда көрктөндүрүү иштери жүрүүдө)
«Рыбки» фонтаны
«Слоники» сквери
Профсоюз көчөсү боюнча гүл бакча (П.Лумумба көчөсүнөн Каракум көчөсүнө чейин) (курулуш)
Профсоюз жана Буурдин көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл бакча (курулуш)
Тоголок Молдо гүл бакчасы
№54 мектептин батыш тарабындагы гүл бакчасы (курулуш)

Свердлов району:

«Кыргызстандын 40 жылдыгы» сейил багы
«Красный строитель» сейил багы
«Кожзавод» сейил багы
Гидростроительная көчөсүндөгү гүл бакча (курулуш)
Жибек Жолу проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнүн кесилишиндеги гүл бакча (курулуш)
Ак-Бата конушундагы  сейил бак (курулуш)
«Энергетиктер шаарчасы» аймагындагы сейил бак (курулуш)
Чүй проспектиси жана БЧК боюндагы сейил бак (курулуш)
Саадаев жана Кыргыз  көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак (мурунку «Дан» базарынын орду) (курулуш)
Аламедин-1 кичи районундагы гүл бакча (курулуш)
«Дордой» жана «Энесай» конуштарынын  ортосундагы сейил бак (курулуш)
Восточная айылындагы гүл бакча (курулуш)

Октябрь району:

№12 кичи райондогу №30 жана №37 үйлөрдүн ортосундагы гүл бакча  (курулуш)
№8, №10, №6, №7, №3, №4, №5 кичи райондорундагы гүл бакчалар (курулуш)
«Көк-Жар» конушундагы гүл бакча  (курулуш)
Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак (курулуш)
Тунгуч кичи районундагы гүл бакча (курулуш)
«Кырман» конушундагы гүл бакча (курулуш)

Реконструкциянын алкагында жашыл аймактарды жаңылоо, жөө жүрүүчүлөр үчүн зоналарды жакшыртуу, кичи архитектуралык формаларды орнотуу, жарыктандыруу иштерин жүргүзүү жана шаар тургундарынын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Бул долбоор шаардык чөйрөнү жакшыртууга жана коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүгө багытталган.