2026-жылдын 19-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Орозо айт жана Нооруз майрамдарын өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери каралды. Комиссиянын ишине Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, ошондой эле тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүнү укук коргоо органдарына тапшырды. Шаардык кызматтарга мыйзамсыз (башаламан) соодага жол бербөө, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу милдети жүктөлдү.
Административдик райондордун башчыларына коомдук тартипти, өрт коопсуздугун, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 20-мартында Т. Усубалиев атындагы аянтта айт намазы окулат, ал эми 21-мартта Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына арналган ири масштабдагы майрамдык иш-чара өткөрүлөт.




