Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жана «Тулпар» ишканасы менен биргеликте коомдук транспортту пайдалануу эрежелеринин сакталышын текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Рейд учурунда жүргүнчүлөрдүн жол акы төлөөсү, төлөм талондорду  алуу, ошондой эле аялдамалардагы коомдук транспортко тоскоолдук жараткан  унааларга карата эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүрдү.

Күн сайын, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында төлөм жүргүзбөгөн 10-20 жүргүнчүгө карата 1000 сом  өлчөмндөгү айып пул салынып протокол түзүлөт.

Департамент жол киренин баасы 20 сом экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү өз убагында төлөөгө жана сөзсүз түрдө билет алууга чакырат.

Ошондой эле айдоочуларга аялдамаларда себепсиз көп убакыт токтоп турбоого жана коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратпоого чакырат.