«Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде Нооруз майрамына карата иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын негизги катышуучулары мекемеде жашаган жарандар болду. Конкурстук программа алардын активдүү катышуусу менен өттү: чыгармалар даярдалып, командалар жашоочулардан жана кызматкерлерден түзүлдү. Жалпысынан «Ромашкалар», «Фиалкалар», «Розалар», «Ландыштар» жана «Кызгалдак» аттуу беш команда катышты.

Конкурстун алкагында ар бир команда чыгармачыл номерлерди көрсөтүп, өз колдору менен даярдаган буюмдарын жана тамак-аштарын сунуштады. Катышуучулар кол өнөрчүлүк элементтерин, анын ичинде командалардын аталыштарына ылайык жасалган гүл композицияларын тартуулашты. Ошону менен катар ашпозчулук чеберчилигин да көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө бий жана вокалдык номерлер аткарылды. Студенттер да концерттик чыгармалар менен катышты.

Коноктор жана калыстар тобунун курамында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор болду.

Иш-чара карылардын активдүү катышуусу менен өтүп, алардын социалдык активдүүлүгүн колдоого багытталды.

Жыйынтыгында бардык катышуучулар дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.