Нооруз майрамын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында улуттук каада-салттарды, кыргыз элинин маданий мурасын жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган ири этномаданий жана спорттук майрам болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты - борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ачык этномаданий мейкиндикти түзүү болуп, анда алар улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, гастрономия жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышты.
Майрамдын негизги аянтчасы катары Ала-Тоо аянты тандалып алынып, анда ар бир боз үй өзүнчө тематикалык багытты чагылдырган этномаданий зона уюштурулду.
Спорттук бурчта көрүүчүлөр үчүн улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар жана интерактивдүү активдүүлүктөр уюштурулду. Алардын катарында тогуз коргоол жана шахмат бар. Ошондой эле ачык аянтта ордо, лянга-тепмек, үч тапан, армрестлинг, мас-рестлинг (таяк тартыш), гиря көтөрүү, шашки жана шахмат сыяктуу массалык спорттук жана оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлдү. Катышуучулар жана көрүүчүлөр мелдештерди көрүп гана тим болбостон, өздөрү да активдүү катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Өзгөчө көңүлдү «Кыргызстандын жети облусу» концепциясы боюнча уюштурулган кол өнөрчүлүк аймагы бурду. Боз үйлөрдө усталар ала кийиз жана шырдак жасоо, токуучулук, жыгач жана металл буюмдарын даярдоо сыяктуу салттуу кол өнөрчүлүк түрлөрүн көрсөтүштү. Келгендер буюмдардын жасалыш процесси менен таанышып, мастер-класстарга катышып, улуттук продукцияларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Өзүнчө боз үйдө улуттук даамдар бурчу уюштурулуп, анда конокторго кыргыз элинин салттуу тамак-аштары жана суусундуктары сунушталды.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында туристтик аймак уюштурулуп, анда туроператорлор жана туристтик компаниялар Кыргызстандын аймактары боюнча саякат маршруттары тууралуу маалымат беришти. Айрыкча ички туризмди өнүктүрүүгө жана алдыда боло турган эл аралык иш-чаралардын алдында өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга өзгөчө көңүл бурулду.
Майрамдык иш-чарага шаар тургундары, туристтер, жаштар, креативдүү индустрия өкүлдөрү жана туристтик тармактын өкүлдөрү катышты.
Спорттук мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери уюштуруучулар тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.
















