Бишкек шаарында 2026-жылдын 22-мартында күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет.

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрге түздү.

Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен реконструкцияланып, унаа жүрүүчү тилкелердин саны көбөйтүлдү, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар каралды.