Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда кечки концерт болуп өттү.

Анда калаа башчысы Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, баарына бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалады.

Ал өз сөзүндө бүгүн борбор калаанын бардык булуң-бурчунда Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү  боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аркасы менен кароосуз калган 67 гүл бакча жаңыланып, миңдеген шаар тургунун кабыл алууга мүмкүнчүлүк ачылганын кошумчалады.

Калаа мэри 2026-жылы бул багыттагы иштер үч эсе көп жасаларын баса белгиледи. Мында өнүгүү жашыл аймактар менен гана чектелбестен, жол инфраструктурасын жана жалпы шаарды көрктөндүрүүнү да камтыйт.

“Муниципалитет күн сайын шаарыбызды жакшы, жайлуу жана жашоо үчүн ыңгайлуу кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап жатат. Биз жолдорду жана транспортту жакшыртып, шаарды тартипке келтирип, маанилүү социалдык объекттерди куруп, акырындык менен жаңы чечимдерди киргизип жатабыз. Мунун баары – Бишкек шаарынын тургундарынын ыңгайлуулугу жана бакубаттуулугу үчүн.

Биздин башкы максатыбыз – Бишкегибизге көңүл буруу жана кам көрүү, ошондой эле муну ар бир тургун сезип, шаарыбыз менен сыймыктанса дейбиз. Ошондуктан биз күнүмдүк маселелерди гана чечпестен, сиздер үчүн майрамдык маанай жаратууга да аракет кылабыз – концерттерди, маданий иш-чараларды уюштуруп, адамдарды бириктирген жана жашоону жаркын эмоцияларга толтурган иш-чараларды өткөрөбүз”, - деп кошумчалады калаа башчысы.

Концерттик программа хореографиялык жана музыкалык номерлер менен коштолду. Сахнада "Береке", "Mob dance" жана "The new generation" бий коллективдери улуттук жана заманбап стилдеги жаркын номерлерди тартуулашты.

Ал эми кеченин музыкалык бөлүгүндө Суран Садыбакасова, Чолпон Талипбек, Калыс Жакыпов, Толгонай Арзыкеева, Аваз Акимов жана Айдана Дека, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлжигит Калыков, Ильяз Андаш, Азамат Токтокадыров, Биржан Байбол, Гүлнур Сатылганова, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Малика Дина, Омар жана башка аткаруучулар ырларын аткарышты.

Концерт борбор калаанын тургундарын жана конокторун бириктирип, майрамдык маанай тартуулаган маданий иш-чарага айланды.