2026-жылдын 22-мартында Бишкек шаарында аэробдук гимнастика (спорттук аэробика) боюнча шаардык чемпионат жана биринчилик болуп өттү. Бул мелдеш бешинчи ирет өткөрүлүп, быйыл болжол менен 90 катышуучуну чогултту.

Шаардык биринчиликке 2020-жылы төрөлгөн жана андан улуу балдар катышса, чемпионатка 2014-жылы төрөлгөн жана андан улуу спортчулар катышты.

Катышуучулар жеке жана топтук түрлөрдө күч сынашты: кыздар жана балдар арасында жеке номерлер, аралаш жуптар, трио, топтук номерлер, бий аэробикасы жана гимнастикалык платформа.

Мелдештер 6–8 жаш, 9–11 жаш, 12–14 жаш, 15–17 жаш жана 18+ жаш категориялары боюнча өткөрүлдү. Ошондой эле катышуучулар эл аралык (А), улуттук (Б), мектептик (Д) жана өтмө (II) лигалар боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери өз категориялары, номинациялары жана лигалары боюнча эң жогорку упай топтогондор аныкталып, дипломдор жана тиешелүү даражадагы медалдар менен сыйланышты.

Мелдештин уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Бишкек шаарынын аэробдук гимнастика федерациясы болду.