2026-жылдын 22-мартында Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында Тажикстан Республикасынан делегация келди.
Аталган делегация ар түрдүү багыттар боюнча катышып, өз өлкөсүнүн маданий жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүүнү максат кылууда.
ШКУнун алкагында өткөрүлүп жаткан бул оюндар мамлекеттер аралык достукту, маданий байланыштарды жана жаштар арасындагы кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп эсептелет.
Ошондой эле жакынкы күндөрү башка мамлекеттерден келген делегациялардын келиши күтүлүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында, Бишкек шаарында, 2026-жылдын 23–28-март күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндары өтөт. Оюндардын программасына сегиз конкурстук номинация кирет: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк.




