Нооруз майрамын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарынын бардык төрт районунда борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн спорттук мелдештер уюштурулду. Иш-чаралар майрамдык маанайда өтүп, ар кандай курактагы адамдарды чогултуп, чоңдор да, балдар да катыша алышты.

Программага жоолук таштамай, топ таш, шакек салмай, таламай сыяктуу улуттук оюндар, ошондой эле заманбап спорттун түрлөрү да кирди. Катышуучулар мелдештерге катышуу менен катар улуттук оюндар жана салттар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жалпысынан мелдештерге 1400гө жакын адам катышты. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана белектер менен сыйланышты.

Биринчи Май районунда мелдештер Ак-Босого конушунда өтүп, болжол менен 270 катышуучуну чогултту. Программада кичи-футбол, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш жана балдар менен өспүрүмдөр арасында эстафеталар өткөрүлдү.

Свердлов районунда иш-чаралар Кара-Жыгач багында өтүп, 400дөн ашык катышуучу чогулду. Бул жерде аркан тартыш, үч тапан (чүкө), таяк тартыш, топ таш, таламай (чүкө), кыймылдуу оюндар, эстафеталар, ошондой эле шакек салмай жана жоолук таштамай боюнча мелдештер уюштурулду.

Ленин районунда мелдештер «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолук чыңдоо комплексинин аймагында, Ю. Фучик атындагы паркта жана Ак-Орго конушунда өтүп, жалпысынан 400гө жакын адам катышты. Катышуучулар футбол, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш жана үч тапан боюнча күч сынашты.

Октябрь районунда спорттук иш-чаралар Ынтымак паркында өтүп, болжол менен 300 катышуучу чогулду. Программага чүкө, ордо, аркан тартыш, дартс, футбол, волейбол, баскетбол жана эстафеталар кирди. Октябрь райондук администрациясы жана «Евразия» коомдук бирикмеси менен биргеликте катышуучуларга 200 белек таратылды.

Мелдештердин уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.