Бүгүн, 2026-жылдын 22-мартында, Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан ачылды.

Белгилей кетсек, реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилди: анын туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетти.

Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуар жасалды.