Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн эл аралык делегациялар келүүсүн улантууда.
2026-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын борборуна Индиядан делегация келди. Коноктор өз өлкөсүнүн бай маданий мурасын ар түрдүү чыгармачылык багыттардагы өнөрлөр аркылуу көрсөтүүнү пландаштырууда.
Индиялык делегациянын катышуусу иш-чарага өзгөчө маданий көп түрдүүлүктү тартуулап, эл аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт. Алардын программасында Индиянын салттуу жана заманбап искусствосун чагылдырган номерлер камтылган.
Бул оюндар мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдөө, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана жаштардын кызматташтыгын арттыруу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында 2026-жылдын 23–28-март күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндары өтөт. Оюндардын программасы сегиз конкурстук номинацияны камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк.







