Бүгүн, 2026-жылдын 23-мартында, Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин биринчи Жаштар Дельфий оюндарында катышуу үчүн Беларусь Республикасынан делегация келди.

ШКУнун биринчи жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн Беларусия Республикасынын делегациясы  келди

Делегация өз өлкөсүнүн маданий жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү максатында ар түрдүү багыттар боюнча катышат.

ШКУнун алкагында алгач ирет өткөрүлүп жаткан бул оюндар жаштар арасындагы эл аралык достукту, маданий байланыштарды жана кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин ШКУга мүчө өлкөлөрдүн биринчи Жаштар Дельфий оюндар өтүүдө. Программага сегиз сынактык номинация киргизилген: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптар жана колдонмо-декоративдик искусство.