2026-жылдын 19–22-март күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында балдар, өспүрүмдөр, кадеттер, юниорлор жана чоңдор арасында таэквон-до ITF боюнча «Golden Star» аттуу эл аралык турнир болуп өттү. Мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан 500дөн ашык спортчу катышты.

Кыргыз Республикасынын атынан 40 спортчу катышып, алардын ичинен 5 спортчу С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн таэквон-до ITF бөлүмүнүн тарбиялануучулары болду. Катышуучулар «спарринг» жана «туль» дисциплиналары боюнча күч сынашты.

С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн спортчулары эл аралык аренада өлкөнү татыктуу көрсөтүп, жогорку техникалык даярдыгын, чыдамкайлыгын жана күчтүү духун көрсөтө алышты. Айрыкча «спарринг» бөлүмүндө жакшы жыйынтыктарга жетишти.

Турнирдин жыйынтыктары (С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМ):

Туль боюнча:
— Камчыбеков Эрбол — 1-орун (1 дан, 11–13 жаш)
— Самсалиева Айдана — 3-орун (түстүү курлар, 14–15 жаш)

Спарринг боюнча:
— Именжанова Севара — 2-орун (52 кг чейин, 16–17 жаш)
— Абдылдаев Атайбек — 2-орун (70 кг жогору, 14–15 жаш)
— Кенжакунова Айдана — 2-орун (57 кг чейин, 18–34 жаш)
— Мукеев Исам — 3-орун (55 кг чейин, 12–13 жаш)
— Самсалиева Адиля — 3-орун (55 кг чейин, 12–13 жаш)

Мелдештин уюштуруучулары Казакстандын Туркестан облусунун таэквон-до ITF федерациясы жана Казакстандын таэквон-до ITF ассоциациясы болду.