Экологиялык кеңештин алкагында шаардагы жашыл көчөттөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү чечими кабыл алынган. Бул демилге коомчулук тарабынан колдоого алынып, бардык бак-дарактарды аталган реестрге киргизүү сунушталган.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тарабынан “Санариптик технологиялар борбору” МИси электрондук карталарды иштеп чыгуу милдети коюлган. Бул карталар аркылуу ар бир шаар тургуну жашыл көчөттөр тууралуу маалымат менен тааныша алат.

Учурда бул иштер “Бишкек жашыл курулуш” МИси тарабынан тиешелүү кызматтар менен биргеликте Бишкек шаарынын бардык сейил бак жана гүл бакчаларында башталып, ишке ашырылууда.

Ар бир даракка өзүнчө жеке белги — “паспорт” сыяктуу бирка берилет. Анда дарактын негизги маалыматтары: түрү, жашы, сөңгөгүнүн диаметри, бийиктиги, абалы жана башка көрсөткүчтөрү катталат. Бул адистерге ар бир дарактын “тарыхын” көзөмөлдөп, ага туура кам көрүүгө мүмкүндүк берет.

Инвентаризация дарактардын абалын эсепке алуу, кам көрүүнү пландаштыруу, өз убагында дарылоо жана кооптуу дарактарды алмаштыруу максатында жүргүзүлөт. Бул иш шаардагы жашыл фондду сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

Эркиндик бульварында дарактар массалык түрдө кыйылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.