А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 2026-жылдын 23–31-март күндөрү Түркияда өтө турган VIII Эл аралык «Самсун» театр фестивалына катышат.
Эл аралык театр күнүнө арналган фестиваль ар кайсы өлкөлөрдөн келген мамлекеттик, жеке жана ышкыбоз театр жамааттарын бириктирип, тажрыйба алмашууга жана маданий диалогду өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
27-март күнү театр бул сезонунун премьерасы — КРнын эл акыны Кыялбек Урманбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Тактеке» трагикомедиялык притчасын тартуулайт. Спектакль табият менен байланышын жоготкон адамдын ички карама-каршылыктарга туш болгон философиялык таржымалын баяндайт.
Коюлушта байыркы эпостун элементтери менен заманбап өңүт айкалышып, терең мазмун жандуу юмор менен берилет. «Тактеке» буга чейин Бишкек көрүүчүлөрүнүн жогорку баасына татыган жана эми фестивалдын эл аралык аудиториясына сунушталат.



