2026-жылдын 16-мартынан 6-апрелине чейин Исык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн аскага чыгуу бөлүмүнүн окуучулары үчүн окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө.

Бул жыйындар спортчулардын физикалык, техникалык жана тактикалык даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле эл аралык мелдештерге жана Азия чемпионатына сапаттуу даярдык көрүүгө багытталган.

Окуу-машыгуу жыйындарында 10 спортчу катышууда, аларды эки машыктыруучу жетекчилик кылууда. Машыгуулар аскага чыгуу комплекстүү көнүгүүлөрдү, техниканы жана тактиканы өздөштүрүүнү камтыйт, бул спорттук духту чыңдоого жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдыкты камсыз кылат.

Жыйындарды уюштуруучу - С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ.