Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Опера жана балет театрынын жанындагы скверде таштанды урналарынын ордуна эски челектер жана чака коюлганы тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы бул факт боюнча муниципалдык ишкана тарабынан кызматтык иликтөө иши башталгандыгын билдирет.
Ошондой эле, бардык жагдайлар такталгандан кийин, күнөөлүү тараптар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаарын белгилейбиз.