«Бишкексууканал» МИси «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун (II фаза) алкагында 2023-жылы Бакаев көчөсү боюнча диаметри 600 мм болгон канализациялык коллектор курулгандыгын маалымдайт.
2026-жылдын февраль айында Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыртышынын бузулгандыгы катталган. Калыбына келтирүү иштери 2026-жылдын 19-мартында аткарылды.
Учурда аталган участок калыбына келтирилди. Жакынкы убакта жол белгилерин түшүрүү пландаштырылууда.

