Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн эл аралык делегациялар келүүдө.
2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин өтө турган оюндарга ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын жолугуштурду. Эрте келген делегациялар даярдык иштерине активдүү катышууда, тагыраагы, каттоодон өтүшүп, борбор калаа боюнча экскурсияларга барышууда. Ошондой эле өз багыттары боюнча сынакка даярдык көрүп жатышат.
Белгилей кетсек, бул оюндар жаштар арасындагы эл аралык достукту, шыктанууну жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
Программа сегиз сынактык номинацияны камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик искусство, элдик аспаптарда ойноо жана колдонмо-декоративдик искусство. Катышуучулар өз таланттарын көрсөтүп гана тим болбостон, тажрыйба алмашууга, эл аралык байланыштарды чыңдоого жана жаңы досторду табууга мүмкүнчүлүк алышат.






