Бүгүн, 2026-жылдын 23-мартында Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынан делегация келди.
Делегация өз өлкөсүнүн маданий жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү максатында ар түрдүү багыттар боюнча катышат.
ШКУнун алкагында алгач ирет өткөрүлүп жаткан бул оюндар жаштар арасындагы эл аралык достукту, маданий байланыштарды жана кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
Иш-чара 2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин өтөт жана сынак төмөнкү сегиз номинация боюнча өткөрүлөт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптар жана колдонмо-декоративдик искусство.





