Октябрь районунун жаңы акими болуп Чуштуков Жолдош Бахтиярович дайындалды. Ал буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп Арынов Максатбек Дүйшөнкулович дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматынын директору болуп иштеген.

Чуштуков Жолдош Бахтиярович

Арынов Максатбек Дүйшөнкулович