2026-жылдын 23-мартында Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин алгачкы Жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн Россия Федерациясынын делегациясы келди.
Бул оюндар ШКУнун колдоосу менен биринчи жолу өткөрүлүп, маданий алмашуу үчүн аянтча түзүүнү, эл аралык кызматташууну бекемдөөнү жана жаштардын ортосунда достук байланыштарды өнүктүрүүнү максат кылат.
Катышуучулар аккредитациядан өтүп, борбор калаанын мейманканаларына жайгаштырылды.
Иш-чара 23-марттан 28-мартка чейин уланат. Программага сегиз сынактык номинация киргизилген: фортепиано, сүрөт өнөрү, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик өнөр, элдик аспаптарда ойноо жана колдонмо-декоративдик искусство.


