Бүгүн, 2026-жылдын 23-мартында, Бишкек шаарына Казакстан Республикасынан делегация Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарынa катышуу үчүн келди.

Катышуучулар аккредитациядан өтүп, андан соң шаардагы мейманканаларга жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, бул оюндар ШКУнун алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана ар түрдүү өлкөлөрдөн келген жаштардын ортосунда эл аралык байланыштарды бекемдөө, маданий алмашууну өнүктүрүү жана достукту чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Иш-чара Бишкек шаарында 2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин өтөт. Программага сегиз сынактык номинация кирет: фортепиано, сүрөт өнөрү, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптарда ойноо, ошондой эле колдонмо-сүрөт өнөрү.