Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата 2009–2011-жылдары туулган өспүрүмдөр жана 2012–2014-жылдары туулган балдар арасында дзюдо боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке 400гө жакын жаш спортчу катышып, алар спорттук күрөштө өздөрүнүн чеберчилигин, күчүн жана техникалык даярдыгын көрсөтүштү.

Мелдештин уюштуруучусу - спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ.