2026-жылдын 23–25-март күндөрү Бишкек шаарында дзюдо боюнча окуу-машыгуу жыйындары (ОМЖ) өтүүдө. Ага Бишкек шаарынын өспүрүмдөрү жана жаш спортчулары Казакстандан келген спортчулар менен биргеликте катышууда.
Жыйындардын негизги максаты — спорттук чеберчиликти жогорулатуу, техника жана тактиканы өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн жаш спортчуларынын ортосунда достук мамилелерди бекемдөө болуп саналат.
Иш-чаранын уюштуруучусу — спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ.
