2026-жылдын 22-мартында Чункурчак капчыгайында тоо аралык дистанциялар боюнча спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өттү. Мелдештерге аймактын күчтүү командалары жана спортчулары катышты.
Катышуучулар «аска дистанциясы», «асма өтмөк» жана «жабырлануучуну ташуу» сыяктуу техникалык этаптарда күч сынашып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыдамкайлыгын жана командалык ынтымактуулугун көрсөтүштү.
Чемпионаттын алкагында топтук дисциплиналарда жана байламта (жуп) мелдештеринде жалпысынан 14 комплект медаль ойнотулду.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча:
Топтор (4 адам):
•Эркектер:
1-орун — Каракол шаарынын курама командасы;
2-орун — КР Спорттук туризм федерациясынын тоо секциясы;
3-орун — «Тенир-Тоо» спорттук-туристтик клубу;
•Аралаш топтор:
1-орун — КР Спорттук туризм федерациясынын тоо секциясы;
2-орун — КР ӨКМнин «Эдельвейс» куткаруучулар отряды;
3-орун — Каракол шаарынын курама командасы;
Жуп (2 адам):
•Эркектер:
1-орун — Бекболот Мурзабеков, Каныбек уулу Бахтияр;
2-орун — Кайыпов Таир, Павел Бибик;
3-орун — Юрий Балашов, Сергей Заикин;
•Аялдар:
1-орун — Алия Капарова, Анна Литвинова;
2-орун — Ангелина Бакытбек кызы, Айдеми Мирбек кызы;
3-орун — Анастасия Игуменова, Юлия Белогорцева;
•Аралаш жуп:
1-орун — Павел Бибик, Анна Литвинова;
2-орун — Азамат Арстанбеков, Жаркынай Бейшекеева;
3-орун — Кайыпов Таир, Алия Капарова.






