2026-жылдын 22-мартында Көк-Жар айылында Нооруз майрамына карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулуп, элдик ырларды аткаруучулар, бий топтору, акындар жана манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Конокторго салттуу улуттук тамак-аштар, анын ичинде сүмөлөк сунушталды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин туризм бөлүмүнүн өкүлдөрү, Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Туризм департаменти, Миграциялык кеңештин өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кол өнөрчүлөр катышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Кол өнөрчүлөр кеңеши болду.

Бул иш-чара улуттук каада-салттарды жайылтууга, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган.