Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 29 «Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулук, ачыктык жана объективдүүлүк принциптерин камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы аймактык, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин көңүлүн коррупцияга каршы мыйзамдарды так сактоо зарылдыгына өзгөчө бурат.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- кызматтык абалын жеке же башка мыйзамсыз кызыкчылыктар үчүн пайдалануу;
- башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыктарын коргоо;
- муниципалдык сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузуу;
- муниципалдык мүлктү, жер тилкелерин жана башка ресурстарды мыйзамсыз бөлүштүрүү;
- муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жасалма административдик тоскоолдуктарды түзүү;
- мыйзамдарда каралбаган тартипте чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине кийлигишүү;
- бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү максатсыз же натыйжасыз пайдалануу;
- кадрдык чечимдерди жеке кызыкчылык же байланышы барлык принциптеринин негизинде кабыл алуу.
Өзгөчө көңүл шаар куруу, архитектура жана курулуш, жер мамилелери, муниципалдык сатып алуулар, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, соода, шаарды көрктөндүрүү, ошондой эле калкка жана бизнеске муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу зарыл.
Бөлүмдөрдүн жетекчилери жетектеген түзүмдөрдө коррупцияга каршы иштердин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууга, коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана жоюуга милдеттүү.
Бишкек шаарынын мэриясы коррупциялык укук бузуулар, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызыкчылыктардын кагылышы жана мыйзамдардын башка бузулуулары аныкталган учурда материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн эскертет.
