2026-жылдын 24-мартында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик залында өзгөчө атмосфера түзүлдү – салтанаттуу, шыктандыруучу жана чындап бириктирүүчү. Бул жерде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын жаркын ачылыш аземи болуп өттү.
Бул иш-чара чыныгы искусство майрамына айланып, анда маданияттар, салттар жана ШКУ мейкиндигинин ар тарабынан келген жаш таланттардын чыгармачылык энергиясы айкалышты. Дельфий оюндары ар түрдүү өлкөлөрдөн келген таланттуу жаштарды бириктирип, аларга өзүн көрсөтүүгө, баарлашууга, достошууга жана шыктанууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ШКУ катчылыгынын кеңешчиси Казыбек Кочконов, Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявин жана Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин төрагасы, КРнын эл артисти Анарбек Ибраев катышты.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун кайрылуусун окуп берди.
«Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Дельфий оюндары өлкөбүздүн жана борбор калаабыздын ШКУ алкагындагы гуманитардык кызматташтыктагы активдүү ролун баса белгилейт жана маданияттар аралык диалогду, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон умтулуубузду көрсөтөт. Бул оюндар искусство жана чыгармачылыктын ири форумдарынын бири катары улуттук маданияттарды сактоого жана жайылтууга, ошондой эле жаш аткаруучулардын талантын көрсөтүүгө маанилүү аянтча болуп берет», – деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, аземде Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин кайрылуусу да окулду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мындай ири эл аралык маданий иш-чараны өткөрүү борбор калаа үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
«Дельфий оюндары – бул искусствонун аймагы, анда таланттар ачылып, жаңы идеялар жаралып, элдердин ортосундагы достук бекемделет. Чыгармачылык аркылуу биз бири-бирибизди жакшыраак түшүнөбүз жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоого үйрөнөбүз.
Бүгүн биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз – оюндарды Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүп жатабыз. Бишкек жаштарды колдоого, чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүгө жана эл аралык маданий кызматташууну кеңейтүүгө багытталган маданий саясатты ырааттуу жүргүзүп келет. Бул оюндар гуманитардык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп, ШКУ өлкөлөрүнүн жаштарын бириктирип, кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем», – деди шаар башчысы.
Ири маданий иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясы, мэриянын Маданият башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Дельфий комитети болду.
Белгилей кетсек, оюндар 28-мартка чейин уланып, шаарды чыгармачылык энергия, шыктануу жана маданий диалог атмосферасы менен толуктайт. Бул күндөрү Бишкек чыныгы искусствонун борборуна айланып, ар бир катышуучу – жеңүүчү, ал эми ар бир өнөр көрсөтүү – өз ара түшүнүшүүгө жана жаңы кызматташтык горизонтторуна карай кадам болуп калууда.





























