Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында сынактар башталды.
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде “Көркөм кол өнөрчүлүк" номинациясы боюнча расмий ачылыш болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Апсамат Акунов жана Казакстан Респулбликасынын Улуттук Дельфий комитетинин директору Куралай Туспекова катышып, сынакты салтанаттуу түрдө ачып беришти.
Эки күндүн ичинде жаш таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, "Көркөм өнөр" номинациясында күч сынашат.
Анда жаш чеберлер улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын: шырдак, ала кийиз, токуучулук, саймачылык, керамика, булгаары менен иштөө, жыгач оюмдары жана зергерчилик өнөрүн тартуулашат.
Белгилей кетсек, сынак сегиз номинация боюнча өтөт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптар жана колдонмо-декоративдик искусство.













