Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында Бишкек шаарындагы «Тунгуч» жаштар театрында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Эстрадалык ырдоо» номинациясынын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев катышты.
Алар өз сөздөрүндө Дельфий оюндары таланттуу жаштарды колдоодо, чыгармачылык байланыштарды чыңдоодо жана эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү аянтча экенин белгилешти. Ошондой эле катышуучуларга ишенимдүү аткарууну, чыгармачылык шыктанууну жана ийгиликтерди каалашып, борбор шаардын конокторуна Бишкекте жагымдуу убакыт өткөрүүнү каалашты.
«Эстрадалык ырдоо» номинациясынын алкагында катышуучулар өздөрүнүн вокалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана сахналык чеберчилигин көрсөтүшөт.
Белгилей кетсек, оюндардын программасы сегиз номинацияны камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык вокалдык искусство, элдик бийлер, диджейлик өнөр, элдик аспаптарда аткаруу, ошондой эле колдонмо-кол өнөрчүлүк.
Жаштар Дельфий оюндар ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда маданий диалогду өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана элдердин достугун бекемдөөгө багытталган.












