Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Сүрөт искусствосу» жана «Элдик аспаптар» номинацияларынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Эл аралык Дельфий комитетинин Башкармалыгынын тең төрагасы Дүйшөн Касеинов катышты.

Шаар башчысы катышуучуларга чыгармачылык дем, ишеним, жаркын өнөр көрсөтүүлөрдү жана татыктуу жеңиштерди каалап, калыстар тобуна калыстык жана адилет чечимдерди кабыл алууну белгиледи.

«Эгерде сиздер бүгүн ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарына катышып жатсаңыздар, демек, сиздер буга чейин эле жеңүүчүсүздөр», — деп баса белгиледи мэр.

«"Элдик аспаптар" номинациясына 53 аткаруучу катышууда. Бул багыт техникалык чеберчиликтин жогорку деңгээлин гана эмес, ритм, музыканы сезе билүүнү  талап кылат. Ар бир аткаруу — салттын жандуу үнү, учурдун энергиясы жана көрүүчү менен өзгөчө байланыш.

«Сүрөт искусствосу» номинациясында 47 жаш сүрөтчү күч сынашууда. Бул багыттын өзгөчөлүгү — жыйынтык дароо эмес, узакка созулган, тынымсыз жана кылдат эмгектин натыйжасында жаралат.

Белгилей кетсек, эки номинация тең өзүнчө татаал жана маанилүү: бири көз ирмемдеги үн аркылуу ачылса, экинчиси узакка созулган чыгармачылык процесс аркылуу жүзөгө ашат.