Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында, "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун концерттик залында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Элдик бий» номинациясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Эл аралык Дельфий комитетинин башкармалыгынын теңтөрагасы Дүсен Касеинов, ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрү жана сынактын катышуучулары катышты.
Иш-чараны ачып жатып, шаар башчысы конокторду жана катышуучуларды куттуктап, бул Оюндардын жаштардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачууда жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланышты чыңдоодогу маанисин белгиледи.
«Бул Оюндарга катышуунун өзү эле чоң жетишкендик. Сахнага чыгып, өз өнөрүңөрдү көрсөтүү — бул силердин талантыңарды таануу деген сөз. Ишенем, келечекте силер өз жөндөмүңөрдү мындан ары өнүктүрүп, кесиптик бийиктиктерге жетишесиңер жана биз силер менен улуттук да, эл аралык деңгээлде да сыймыктанабыз», — деп баса белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.
«Элдик бий» номинациясы эң талап кылынган жана эң көркөм номинациялардын бири болуп эсептелет. Бул сахна искусствосунун өзгөчө багыты болуп, анда ритм, пластика, кыймылдын көркөмдүүлүгү жана музыкалык коштоонун терең байланышы гармониялуу айкалышат. 2026-жылы бул номинация эң масштабдуулардын бири болуп, 376 катышуучуну бириктирди.















