2026-жылдын 14-мартынан 26-мартына чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүр жеңил атлетика бөлүмүнүн окуучулары үчүн окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө.
Окуу-машыгуу жыйындары спортчулардын физикалык, техникалык жана тактикалык даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле эл аралык мелдештерге сапаттуу даярдануу максатында уюштурулган.
Жыйындардын алкагында чыдамкайлыкты жана жалпы дене даярдыгын өнүктүрүүгө багытталган интенсивдүү машыгуулар өткөрүлүүдө.
Окуу-машыгуу жыйынына 5 жооптуу машыктыруучунун жетекчилиги алдында 35 спортчу катышууда. Мындай жыйындар окуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатууга, командалык духун бекемдөөгө жана алдыдагы эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдыгын калыптандырууга өбөлгө түзөт.