«Дельфин» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби Ысык-Көлдүн жээгинде окуу-машыгуу жыйындарын ийгиликтүү өткөрдү.

Жыйындардын жүрүшүндө тарбиялануучулар заманбап беш таймаш боюнча интенсивдүү даярдыктан өтүштү. Машыгуулар сууда сүзүү, чуркоо, атуу, фехтование жана жалпы дене даярдыгы боюнча өткөрүлдү.

Өзгөчө көңүл чыдамкайлыкты өнүктүрүүгө, техникалык-тактикалык көндүмдөрдү жакшыртууга жана командалык духту бекемдөөгө бурулду.

Ысык-Көлдүн жагымдуу климаттык шарттары жана өзгөчө табигый чөйрөсү спортчулардын физикалык даярдыгын жогорулатууга жана ден соолугун чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Машыктыруучулар тарбиялануучулардын тартиптүүлүгүн жана өзүн өнүктүрүүгө болгон умтулуусун жогору баалашты.

Жыйынтыгында спортчулар ийгиликтерди көрсөтүп, алдыдагы мелдештерге даяр экендигин далилдешти.

«Дельфин» ОРАБӨМ жаш спортчулардын ар тараптуу өнүгүүсү жана жогорку спорттук жыйынтыктарга жетишүүсү үчүн шарт түзүүнү улантууда.