2026-жылдын 24-мартында Бишкек шаарындагы №22 атайын көмөкчү мектепте Нооруз майрамына арналган майрамдык концерт окуучулардын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Иш-чара жылуу жана майрамдык маанайда өттү. Балдар концерттик номерлерди даярдап, ыр ырдап, бий бийлешти. Ошондой эле ар түрдүү элдердин маданиятын чагылдырып, улуттук тамак-аштарын, кийим үлгүлөрүн жана салттуу бийлерин көрсөтүштү. Сахналык көрсөтүүлөр аркылуу катышуучулар башка элдердин маданияты жана кыргыз элинин тарыхый образдары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетүүчү нерсе — бардык номерлерди окуучулар өздөрү даярдап, өздөрү аткарышты.

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан балдар үчүн спорттук мелдештер уюштурулду. Жыйынтыгында катышуучулар медалдар менен сыйланышты.

Иш-чаранын негизги максаты — балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү, маданий ар түрдүүлүк менен тааныштыруу, ошондой эле активдүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.