Азыркы учурда тургундарга жана шаардык инфраструктурага кооптуу болушу мүмкүн болгон куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык бутоо жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин аталган аймакта жашыл көчөттөрдү жаңылоо иштери аткарылган. Эски дарактар алынгандан кийин алардын ордуна жаңылары отургузулуп, тактап айтканда, бийиктиги 4 метрге чейин жеткен карагай (ольха) көчөттөрү тигилген. Бул чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн көркүн арттырууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Иштер бардык талаптарды жана нормаларды сактоо менен этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Алдыда жашылдандыруу иштерин улантуу жана тигилген көчөттөрдү багуу пландалууда. Жакынкы аралыкта Сагымбай Манасчы көчөсүндө сквер куруу иштери башталат.

“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы шаар тургундарын коопсуздук жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бул иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.